ФТ чыккан социалдык көйгөйлөрдү талкулоо жана ранжирлөө

ФТ чыккан социалдык көйгөйлөрдү талкулоо жана ранжирлөө

Урматтуу Чет-Байсоорун айылын тургундары,Сиздин айылда 5Фокус топ өткөрүлдү, ага катышуучулар айылдын бир нече көйгөйлөрүн алып чыкты . Сиздердин талкуулооңуздарга социалдык инфраструктуралык көйгөйлөрдүн тизмеси берилди. Тизмедеги көйгөйлөрдү айылдын көйгөйү депан тандасаңыз пикириңизди билдириңиз.

Points

Чет Байсоорун айылынын суу маселесин чечип берсениздер

Таза суу койгоун ар дайым озубуз чечебиз жергиликтуу бюджеттен акча каражатын болуп карап берсениздер. БАЛДАРЫБЫЗ УЧУН ОЮН АЯНТЧА КУРУП БЕРИЛЕБИ. БАЛДАР БИЗДИН КЕЛЕЧЕГИБИЗ.

Чет Байсоорун айылы узун бир эле кочо . Кочолорду жарыктандыруу боюнча иш аракет корулсо деген сунуш айтат элем.

Чет байсоорунда көп көйгөйлөр бар.анан биринчиси суу маселеси,эл өз күчү менен чыгарып келген,бирок кышы тоңот,жайы жаан жаап суу абдан кир фильтр жок, өйдө жака жакшы теппейт. Транспорт маселе окуу жылы башталганда,каар жааганда унаа бузулуп, ремонтко кетет да балдарга ыңгайсыз жаратат,көк дөбө айыл тургундарына толуп бизге келгенче балдар тыгылып,кийимдери айрылган учурлар да катталып ыңгайсыз жаратат. Айылда дагы таштанды ташыган транспорт жок болгондуктан,таштандылар ар кайсы жерге ыргытылып жаратылышка терс таасир тийгизүүдө, транспорт бөлүп айына бир жолу таштанды чогултуп кетүүсун кайрылабыз Балдарыбызга аянтча салынып берсе да жакшы болмок.Балдар биздин келечек!!! Дагы бир куйгой бул жол маселеси,жаан чачындын кесепетинен жолдорубузду алып кетүүдө.Унаа жүрүүгө тоскоол жаратып,алардын тез бузулушуна себеп болууда.Бюджеттен бөлүнгөн акчаны бизге да болуп көйгөйлөрду чечүү керек.

Балдар учун аянтча же кичи футбол аянтчасы курулса болот эле балдар ойногонго эч нерсе жок.Спорт менен машыгуу учун 7 км Ананьевого тушот.балдар тункусун же жарык жок кочолор карангы.

Суу меселесин чечкиле

Чет-Байсоорун айылында чыкан койгойлор манилуу бирок айыл тургундарынын саны аз болгондуктан акча каражаттын болуштуруудо башка айылдардын добуштарынын саны эске алынып Чет-Байсоорун айылына акча болунбойт.

Жогоруда чыккан койгойлордун баары эле абдан маанилуу. Бирок долбоордун талабы менен колдоого алынбай калды. Эгерде койгойлордун ичинен кайсы эн маанилуу десе, анда мен суу маселесин колдоого алат элем.

Таза суу эн биринчи койгой

Суу маселесин чечип берсе жакшы болоор эле

Балдарды мектепке ташуу учун транспорт керек

Биздин айылга ФАП же мед пункт керек.Себеби ковид учурунда медициналык жардамга муктаж болдук.Азыркы учурда деле укол капельница алуу учун Ананьево айылына больницага жетуу мумкун эмес жол алыс 5 км аралыкты тузот.Айылда ФАП болсо дарыланууга биринчи жардам алуу учун озгочо кары картан жаш балалуу уй булоолорго мумкунчулук болот эле.

Биздин айылга кичинекей ФАП куруп берсе, анткени биздин айылда жок

Жолдорго шагыл тогуп ондоп алсак жакшы болот

Балдарга оюн аянтча болсо, биздин айылда балдар учун ойноочу жер жок.

Биздин айылда таза суу маселеси эн маанилуу койгойлордун бири, суу маселесин чечип албасак кышкысын абдан кыйналып жатабыз

Биз жакта көп көйгөйлөр бар,анан эң негизгиси суу маселеси.Колдо бар алтындын баркы жок дегендей агып келген таза сууну тонбогондой таза кылып үй үйлөргө киргизүү маселеси аягына чейин чечилбейт.мечиттин тегерегин кармап берилет деп канчадан бери айтылат иш жүзүндө ишке аша элек.мечитибиздин астына чейин малдар чычып сийип терс көрүнүштөрду жаратууда.жол маселеси жогоруда айтылгандай жаан катуу жааганда жолдорду алып кетүүдө.бюджеттеги акчаны биз жака да туура бөлүштүрүп биздин айылды да карап коюшса жакшы болот эле баардыгы ооз эки айтылат иш жүзүндө ишке ашырылбаганы мени өкүндүрөт

Биздин айылга ФАП болсо,негизи эле которулгон койгойлорду четинен чесип алсак

Биздин кичинекей айылда бир да соц объект жок, балдар учун оюн аянтча да жок, мектепке балдар коншу айылдарга барышат, балдарын машина менен мектепке алып баруу учун шарты жок, жок дегенде ошол биздин келечек ээлери учун транспорт маселесин чечип беришсе

Мен учун биринчи кезекте таза суу маселеси турат.

Балдар учун транспорт маселесин чечип берсе

Которулгон маселени четинен чечип алсак, бирок биринчи кезекте суунунун маселесин чечип берсе

Биздин айылдын коп койгойунун ичинен эн маанилуулору суурулуп чыкты, суу маселеси, ФАПтын маселесин чечип алсак,биздин которгон койгойлор Аристин талаптарына жооп бербейт экен, аны тушундук, эми жолдорун таап маселелерди четинен чечип беришсе деген эле умут

Койгойлордун которулуп чыкканы абдан жакшы, четинен чечилсе андан жакшы болот эле.

Баардык айтылган маселелер койгойлуу.Ар бири маанилуу.Биринчиси суу маселеси болуп жатат.Биз ананьево менен кок добонун ортосу болуп ортодо калып жатпбыз.Же суубуз он эмес,же кочодо жарык жок.же жолдор туз эмес .таштанды чыгарылбайт.мечиттин тегереги кармалбайт.же фап жок .кок добого барып кпйра ылдый тушуп.бизди же ылдый бир жолу эле ананьевого которуу керек .транспорт маселнси дагы бир койгой балдардын окуусу башталганда ал бущулуп ремонтко кетет.баардыгын оз убагында четинен чечсе болот да алдын ала даярдап окуу жылга.светтин столбасы ото коркунучтуу.адам деле каза болду келип текшерип которолу деген деле киши жок.баардыгы эле айтылат бирок аткарылбаганы окунучтуу

Бизге таза суу керек.Бюжеттен акча болуп бериниздер.

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information