Оргочор АА. Бизнес-өнөктөштөр учун жарыялоо

Оргочор АА. Бизнес-өнөктөштөр учун жарыялоо

АРИСтин АИД-3 кошумча каржылоо долбоорунун алкагында бизнес өнөктөштөрдү кызматташууга чакыруу. Урматтуу Жети-Өгүз районунун Оргочор айыл аймагындагы бизнес өнөктөштөр, Айылдын коомчулуктарынын инвестициялык ассоциациясы АРИСтин АИД-3 КК долбоорунун алкаганда баардык кызыктар тараптарды төмөнкү багыттагы Кошумча нарк чынжырчалары боюнча экономикалык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн кызматташууга чакырат КНЧ:1. Мөмө-Жемиш (карагат, малина) КНЧ 2. Кол өнөрчүлүк КНЧ 3. Туризм КНЧ 4. Эт КНЧ 5. Дан эгин КНЧ 6. Алмадан жана картошкадан кургатылган порошокторду жана концентраттарды өндүрүү үчүн ишкана Кызматташу - жергиликтүү коомчулуктун киреше булактарын колдоо боюнча бизнес долбоорлорду ишке ашырууда АКИАнын, Айыл өкмөттүннүн жана АРИСтин өнөктөшү катары экономикалык долбоорлордо катышуудан турат. Бизнес өнөктөш өзүнүн сунушун бизнес план катары иштеп чыгат. Жергиликтүү коомчулук тарабынан колдоого алынган жана долбоордун талаптарына жооп берген сунуштар АРИС тарабынан каржыланат. Бул айыл аймагы үчүн АРИС тарабынан экономикалык долбоорду каржылык колдоонун көлөмү 4 720 680 сомдун чегинде болушу мүмкүн Кызыктар тараптар бизнес пландын долбоорун тапшыруу керек. Бизнес пландардын долбоорлору 04.04.2023 жылдан 18.04.2023 жылга чейин кабыл алынат., тапшыруу үчүн шилтеме аркылуу өтүңүз https://drive.google.com/drive/folders/10AKCiOSEe7Q7T26hCYH8ct6HzWeBILfJ кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү даректер менен байланышыныздар. Ватсап: 0703569136 Тел.: 0703569136 Эл.почта: [email protected] Адрес: Оргочор айылы, Оргочор айыл өкмөтү

Points

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information