Анализ: https://www.aris.kg/uploads/docs/Analysis_VAC_kg.pdf

Анализ: https://www.aris.kg/uploads/docs/Analysis_VAC_kg.pdf

Сиздин айылдык аймакта аныкталган кошумча нарк чынжырчалардын ичинен бир экономикалык объектини тандоо. 📁Өрүк: 1. Муздаткычы бар логистикалык борбор: контейнерлер, электрокара 2. Кайра иштетүү: компот, как, кондитердик азыктар 3. Данегин кайра иштетүү: май үчүн, туздалган жана куурулган данек 📁Бал: 4. Логистикалык борбор жана таңгактоо 5. Пенополиуретандан жана жыгачтан бал челектерди жасоо 6. Мом эритүүчү жана вощина чыгаруучу цех 📁Малина: 7. Тез тоңдуруучу цех 8. Кайра иштетүү: кыям, варенье 📁Алма: 9. Алма жуугуч, сорттогуч, алмаларды таңгактоо 10. Муздаткычы бар логистикалык борбор: контейнерлер, электрокара 11. Шире чыгаруучу чакан завод 📁Күрүч: 12. Жыйноочу комбайн/Гараж 13. Кайра иштетүүчү комплекс: күрүчтү кургатуу, кабыгынан тазалоо, тазалоо, таңгактоо 14. Көчөт отургузуучу машина/Гараж 📁Кол өнөрчүлүк: 15. Жүндү кайра иштетүүчү чакан цех: жүндү жуугуч, жүн тыткыч, кийиз бышыруучу станок, жип ийрүүчү станок, килем жасоочу станок. 16. Ар түрдүү жүндү ийрүүчү цех Тандоону жасоо үчүн тѳмѳндѳгү шилтемеге кириӊиз: http://rep.aris.kg/CASA-OP/?opid=39

Points

Сутту иштетуучу ишкана болсо

Ассалоому алейкум туугандар кандайсыздар өтө жакшы ой пикирлер айтылыптыр туура бизге алма сактай турган жер керек Логистикалык борбор заманбап эл үчүн

Ассолому алейкум туугандар! Жакшы иш чаралар болуп жатыптыр. Жеке ишкерликти өнүктүрүү бул айыл үчүн пайдалуу болот. Бизде алма көп өстурүлөт. Муздаткычы бар логистикалык борбор куруу менен биз багбандар алманы кышка дейре сактап кышында кымбат баада сата алабыз. Өзбек туугандар көбүнчө ошолор алып кетишет. Айылдагы багбандардын уйбулолук кирешеси көбөймөк. Мисалы кузундо алманын крипсон сортун 30 сомго чейин сатышса, кышта 60-70 сомго чейин сатса болот. Мына эки эсеге кымбат сатылат. Рахмат

Ассолому алейкум туугандар айылга өрүктү кайра иштетуучу цех ачсак кандай болот? Айыл өкмөтүбүз тарабынан проект тарабынан колдоо болсо албетте ачсак болгудай.

Салам достор мен орук кургатуучу же алманы кайра иштетуучу цехтин ачылышына макулмун. Себеби Карабулак айылында алма жакшы өсөт.

Албетте мындай проектер айылыбызга жалан гана пайда алып келет. Андыктан мындай проектерди колдойбуз. Алманы кайра иштетуу өрүк, кол өнөрчүлүк баарын колдойм.

Алманы кайра иштетуу же холодилник курулуусун колдойм.

Менин добушум логистикалык борбор курууга

Менин добушум орукту кайра иштетуучу цех курууга

Салам достор менин добушум жун кайра иштетуучу цех курууга

Салам. мен алманы кайра иштетуучу цех курулуша макулмун

Алманы сактоочу холодилник керек бизге

Жунду кайра иштетуучу цех куруш керек

Орукту сактоочу холодилник болсо жакшы болот. Анда алманы да сактай беребиз да

Салам. менин добушум жунду кайра иштетуучу цех курууга

Жакшы долбоорлор. Баарын эле курсак кана. Мен добушум алманы кайра иштетуучу цех курууга берем

Алма коп бизде. Алманы сактоочу логистикалык борбор куруу зарыл

Алманы сактоочу логистикалык борбор курууну каалайым

Жунду кайра иштетуучу цех куралы.

Карабулакта мал коп жунду кайра иштетуучу цех куруш керк.

Ассолому алейкум мен жунду кайра иштетууго кызыгып турам. Бизде мал чарбачылык мн алектенгендер көп.

Саламатсыздарбы менин добушум алма учун холодилник

Менин добушум өрүктү кайра иштетүүгө

Ассолому алейкум туугандар менин добушум алманы сактоочу логистикалык борбор курууга

Саламатсыздарбы туугандар менин добушум алмага

Мен жакшы тушунбой турам. Кыскасы менин оюмча өрүкту кайра иштетуу дегенине добуш берем

Я за логистический центр

Ассолому алейкум туугандар мен добушум алманы кайра иштетууго берем

Алманы колдойм туугандар. Алма сактоочу холодилник

Ассолому алейкум кол онорчулуко добушум

Салам достор менин добушу алманы сактоочу холодилнике

Ассолому алейкум туугандар менин добушум алмага

Я за логистический центр

Менин добушу алма сактоочу муздаткыч курууга

Алма бышкан убакыта алма алуучу кардарлар негедир болбой калат. Ошол учурда алма алма астына тушуп коп коромжуга учурайт ошол себетен сок чыгаруучу цех болсон элдер астына тушкон алмаларды сок цехине тапшырып уй булолук экономикасы которулмок.

Кара- Булак айылында Муздачкычы бар логистикалык борбор контейнер ачуу замандын талабы. Себеби алма сактоочу борбордун бар болуусу аны коп убакытка сакталышы Эл учун пайдалуу.

Кара-Булак айылында Муздаткычы бар алма сактаган логистикалык борборду куруу заман талабы. Анткени биздин айылда алма бактары коп остурулот. Багбандар алмаларын бышкан кезде сапаттуу сактап кымбат баада сатканга мумкунчулугу жок. Аталган борбор курулса айыл жашоочуларынын уйбулолук бюджети которулуп, экономикалык онугуу болмок.

Лагичиский борбор

Кара-Булак айылына муздаткычы бар логистикалык борбор куруу керек болуп турат учурда. Себеби Кара-Булак айылынан жыл сайын көп тонналаган алмалар сактоого жай жок багбандар аны как кылууга аракет кылышат.Бирок ал учурда кун сууктап кургаталбай малга беришет. Логистикалык борбору курулса багбандар алмасын муздаткычта сактап кыш айларында бир топ кымбат баада сатууга шарт тузулмок.

Кара-Булак айылында негизинен багбанчылык жана мал чарбачылык менен эл алектенет. Айылда ар бир кожолукта созсуз түрдө короосунда алма дарактары өстүрүлөт. Кара-Булак айылынын климаты алма өстүрүүгө ыңгайлуу болгондуктан элдер алма дарагын өстүрүшөт. Айылда алма бакты гектарлап өстүргөн багбандар бар. Алар басымдуу бөлүгү алманын "крипсон" сортун өстүрүшөт. Крипсон сорту күз айларында бышып аны тез арада сатпаса бузулуп кетет. Андыктан айылга Муздаткычы бар логистикалык борборун куруу керек.

Кара-Булак айылында элдин көпчүлүгү алма дарагын өстүрөт. Андыктан айылга бир логистикалык борбору салынып калса элге бир топ жакшы болмок. Багбандар уйбулолук каржысы бир топ көтөрүлмөк. Аймакта бир да логистикалык борбор жок мөмө жемиштерин сактаган. Андыктан мындай долбоорлор айылга келгени бул жакшы жышаана. Мен Муздаткычы бар логистикалык борбордун курулушуна макулмун жн колдойм.

Карабулак айылына алманы муздаткычта сактоочу логистикалык борборду куруу керек. Анткени айылда көпчүлүк багбандар алма дарагын өстүрүшөт. Логистикалык борбор курулса жалан эле алманы гана эмес бизде гиларсты да сактаса айыл элинин финансылык каражаты көбөймөк. Алма бышкан кезде багбандар тез сатууну көздөшөт себеби алма тез бузулат. Көпчулук багбандар саталбай аябай түйшүк тартышат. Жараксыз болуп калган алманы малга беришет же чирип жок болот.

Карабулак айылында элдер жалпысынан багбанчылык, малчарбачылык менен эмгектенет. Айылда Алма, жангак, гиларс өстүрүүгө ынгайлуу климатка ээ. Элдер көбүнчө алмага басым жасашат. Сапаттуу даамдуу болот мөмөсү. Айрыкча өзбекистандан келген алуучулар биздин алманы макташат. Айылга муздаткычы бар логистикалык борбор курулса жакшы болмок. Багбандар сапаттуу алмаларды сактап чет жака сатып жакшы пайда тапмак. Борбордун ишмердүүлүгү үчүн өкмөттүк жерлер бар.

Жакшы жеке ишкерлик боюнча сунуштар айтылыптыр. Биз айыл учун логистикалык борборду тандап алсак жакшы болмок. Бизде жетиштуу жер тилкелери бар. Өздүк салымы менен жеке ишкерди тапсак болгудай. Андыктан алма, гиларс, өрүк сактай турган муздаткычы бар логистикалык борбор курсак жакшы болот. Келгиле ушуну колдойлу.

Ассолому алейкум! Жакшы иштер башталмакчы болуп жатыптыр. Коменттерди окудум ооа туптуура мен силердин ойунарга кошулам. Менде деле алма көп, жылына 10 тоннага чейин сатам. Андыктан логистикалык борбор курулса алманы кышка чейин сактап анан кымбат баада сатсак кана. Жакшы болмок. Муздаткычы бар логистикалык борбор куруу эн маанилуу иш.

Саламатсыздарбы! Менин оюмча Карабулак айылына логистикалык борбор куруу керек. Алма, гиларс көп өстүрүлөт. Алманы кайра иштетуучу цех курсак да жакшы болчудай. Мен ойлойм алманы кайра иштетип чыгуучу жана аны муздаткычта кармап туруучу логистикалык борбор куруу керек.

Салам достор. Мен оюмча Алманы кайра иштетуучу же аны сактоочу логистикалык борбор куруу заман талабы. Себеби айылда көптөгөн элдер алма өстүрүшөт. Алма канчалык көпкө сакталып муздаткычта турса ошончолук баасы өсөт, сапаты бузулбайт. Менин оюмча муздаткычы бар логистикалык борборду куруу керек. Эмеректерин алып берсе да жеке ишкерлер өздук салымынын негизинде ишке киргизсе болчудай.

Ассолому алейкум жакшы коментарийлер жазылыптыр. Мен баарын толук окуп чыктым. Мен сиздердин оюнуздарга кошулам. Айылга логистикалык борбор куруу зарыл жана заман талабы! Мен сиздердин ой пикириниздерге кошулам.

Жакшы долбоор келгидей экен. Айылыбызда жеке ишкерлик мн алектенген ишкерлер аз эле. Эгер бул долбоорлор ишке ашып калса жакшы болмок. Өзгөчө багбанчылыкта айылдаштар алманы көп өстүрөт. Андыктан бизге алманы көпкө сактап аны кымбат сатуу учун муздаткычы бар логистикалык борбору курулса жакшы болмок. Жалан гана алма эле эмес бизде гиларс, малина жакшы өсөт. Абасы салкын болгондуктан алма өтө сапаттуу даамдуу болот. Мындан сырт кургатуучу, компот жабуучу цехтерди ачсак болгудай.

Салам! Кара-Булак айылында алма көп өстүрүлөт. Алманын крипсон сорту көп өстүрүлөт. Ар бир уйбулодо жок эле дегенде 200-300 кг дан алды 10 тоннага чейин түшүм алышат. Алар крипсонду күздө кыска убакытта сатып жибербесе пөк болуп суусу качып бузулуп кетет. Эгер муздаткычы бар логистикалык борбору курулса бир топ жакшы болмок. Мындан сырткары компот чыгаруучу цех да ачсак болот.

Карап окуп чыгып коюлган максаттар бизге дал келгени бул муздаткычы бар логистикалык борбору экен. ошондой эле алманы кайра иштетууучу цех куруу экен. Булар эгер ишке ашып калса Карабулак айылынын тургундарына жакшы болмок.

Ассолому алейкум! Туугандар мен оюмча алманы муздаткычта сактоочу логистикалык борбор курулса айыл элине жакшы болмок. Себеби мен өзүмдөн эле алып айтайын. Менде алма көп өзгөчө крипсон сортун жылда сатам. Саталбай калган учурлар болуп Ош, Жалалабадка өзүмдүн машинама жуктөп алып барып саткан учурлар болуп турат. Алманы сактоого муздаткыч жок, кееде малга беруүгө туура келет. Андыктан муздаткычы бар логистикалык борбору курулса жок эле деген 50-100 тоннага сыйымдуу болушу керек.

Ассалом алекум Кара Булак айылында негизинен Алма остуруу оздоштурулгон ошондуктан Алма сактоочуу Муздаткычы бар логистикалык борбор куруу зарыл заман талабы.

Биздин айылда алма жакшы болгондуктан мен алманы тандайм . Жергиликтуу эл алмасын жакшы баада сатууга сорттоого жана муздаткычка сактоого шарт тузуп берсенер!

Кара-Булак айылында,"быйыл алма аз болду бизде"-деген элдер да жок эле дегенде 35-40 кг чейин алышат. Ал эми дыйкандарыбыз андан да коп алышат. Куз мезгили келгенде алмаларын жаман болуп калбаш учун арзаныраак баада болсо да сатып жиберишет. Ал акча кылган эмгегин кээде актайт, кээде актабай калган кундор да болот. Ошол себептен муздаткычы бар логистикалык центр жана кайра иштетуучу завод курулса жакшы болмок.

Кара Булак айылында момо жемиш муздаткычтары керектелет себеби бизде алма орук сакталышы айылдын жакырчылыктан жойууга жардам берет

Back to group

This content is created by the open source Your Priorities citizen engagement platform designed by the non profit Citizens Foundation

Your Priorities on GitHub

Check out the Citizens Foundation website for more information